Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси, "Чоң казат" партиясынын мүчөсү Асхат Осмонов мурдагы вице-премьер-министр Максат Мамыткановду айыптады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, Мамытканов адамдардан алдап акча чогулткан.
"Максат Мамытканов, мага өзүңдүн кишилериңди жөнөтпө. Алган акчаларыңды ээлерине кайтарып бер!",- деп билдирүү калтырган.
Мындан сырткары, ал билдирүүнүн астына "Чоң казаттын" бардык каржы сырларын айтарын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн