Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:59
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Дастан", "Альфа Телеком" эмне үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилген? Акылбек Жапаровдун жообу

13.05.2022 16:07
767
"Дастан", "Альфа Телеком" эмне үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине берилген? Акылбек Жапаровдун жообу



"Кыргыз телеком", "Альфа Телеком", "Дастан" заводу жана "Евразия сактык банкы" сыяктуу мамлекеттик ишканалар Санариптик өнүктүрүү министрлигинин материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн өткөрүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн максаты учурдагы шартка жооп берген финансылык технологияларды бир жерге топтоп, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу.


Жапаров "Дастан" заводунун базасында өлкөдөгү ири дата борбор түзүү, "Альфа Телеком" жана Евразия сактык банкынын калкка финансы-техникалык кызмат көрсөтүүчү биргелешкен долбоорун ишке ашыруу пландалып жатканын билдирди.


"Санариптик өнүктүрүү министрлигинин материалдык-техникалык базасы жок. Мен мурда Финансы министрлигинде түзгөн "Инфоком" ишканасын республикалык деңгээлге чыгардык деп коюп эле жумуш такыр жүрбөй жатат. Азыр болсо жаңы финансылык технология өнүгүүдө. Бардык ресурсту бир жерге топтоп, "Альфа Телеком", "Кыргыз телеком", "Кыргыз почтасы", Евразия сактык банкы биргеликте иштеп, "Дастандын" базасында дата борбор түзөлү деп жатабыз. Биз Санариптик өнүктүрүү министрлиги иштеп баштасын деп материалдык-техникалык базасын чыңдайбыз",-деди Жапаров.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн