Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:33
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

"Динара Кутманова Ак үйдө "крышам" бар дейт"

03.02.2023 13:13
424
"Динара Кутманова Ак үйдө "крышам" бар дейт"

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин фракциялык жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык коопсуздук министри Динара Кутманова өз милдеттерин аткара албай турганын билдирди.


Депутаттын айтымында, министр айымдын Ак үйдө "крышасы" бар.


"Мен өзгөчө эки министр милдетин аткара албай жатканын белгилеп айта алам. Биринчиси Экология министри Динара Кутманова. Анын ишин сынга алсаң, иштегендин ордуна "Ак үйдө "крышам" бар" деп жооп берет.


Экинчиси Транспорт министри Тилек Текебаев. Мына мен да ооруп жатам, Надира Нарматова жакында ооруканадан чыкты, Камила Талиева ооруп отурат. Биз оорусак да келебиз. А министр келген жок. Биз душман эмеспиз. Баары жакшы болушун каалайбыз"- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн