Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 04:23
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

"Дөө Чыңгыздын" өлүмү: Башкы прокуратура ишти көзөмөлгө алат

01.08.2022 15:27
928
"Дөө Чыңгыздын" өлүмү: Башкы прокуратура ишти көзөмөлгө алат

Жазаларды өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратура ТИЗО-1деги "Дөө Чыңгыз" каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлүмү боюнча териштирүүнү баштады. Бул туурасында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


"Материалдардын баары атайын прокуратуранын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө, андан кийин юридикалык баа берилет", - деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.


Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда "Дөө Чыңгыз" Бишкектеги №21 абакта киши колдуу болгон. Алдын ала маалыматка караганда, аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн. Аны өлтүргөн киши кылмышын мойнуна алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн