Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 09:35
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

"Дордойдо" акча уурдаган шектүү кармалды

10.02.2021 19:56
970
"Дордойдо" акча уурдаган шектүү кармалды

Дордой базарында акча уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.


Окуя Дордой базарында орун алган. 24-декабрда болжол менен саат 4тө сатуучунун смартфону, 29-декабрда башка сатуучунун 20 миң доллары уурдалган.

Жабыркоочулар милицияга арыз менен кайрылган. Иш бирдиктүү реестрге катталып тергөө амалы башталган.

Свердлов РИИБдин кызматкерлери шектүүлөрдү кармады. Алар 1985-жылы туулган И.А. жана 1997-жылы туулган А.Ж. болуп чыккан.

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн