Бугу 14, 2024
Убакыт: 06:25
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

"Дордойдун" күнү бүтөбү? Борбор Азиядагы эң ири базардын абалы

10.11.2020 15:33
1008
"Дордойдун" күнү бүтөбү? Борбор Азиядагы эң ири базардын абалы

Коронавирус Бишкектин четиндеги белгилүү "Дордой" базарын жабылып калуу коркунучуна кептеди. Майда-чүйдөнүн баары сатылган эң ири дүң соода базарында айрым эсептөөлөр боюнча жүз миңдеген кишилер жанын багат.

Анын жабылып калышы ансыз да жумушсуздук күчөп, пандемия кризисинен жону жукарып турган Кыргызстан үчүн чоң сокку болмокчу.

"Дордойдон" соода кылуу өткөн жылдын күз айында эле клаустрофобдор үчүн чоң сыноо болсо, туристтер үчүн экзотика эле. Дүң соода кылгандардын жүгүн тоодой кылып жүктөгөн арабачылардын кыйкырыгы тынбай, тамак-аш саткан аялдар базардын бурч-бурчунда бакылдап, базар кайнап, өтмөктөргө киши батпай, азан-казан түшүп турчу.

Бүгүн болсо бул жер Борбор Азиядагы эң ири базар эмес, ташталган завод сыяктуу көрүнөт. Коронавирус пандемиясынан базардагы өтмөктөрдүн көбү аңгырап бош калып, он миңдеген соодагерлер карантин маалында кирешесиз олтуруп калды.

Каалоо болсо сунушталган эки метр социалдык аралыкты сактоо кыйынчылык деле жаратпайт. Контейнерлердин биринде олтурган Кубаныч Жоомартов 20 жылдан бери базарда бут кийим сатат. Башка соодагерлер жан кардарлар сыяктуу эле ал деле бет кап тагынган эмес.

«Биз жазында ооруп айыктык. Азыр бизди башка көйгөйлөр тынчсыздандырат: үй-бүлөнү кантип багабыз, банк насыяларын кантип төлөйбүз, балдарды кайсыл каражатка окутабыз деген маселелер. Азыр коронавирус тууралуу ойлогонго чама жок",-деди ал.

Кубанычбектин иши таңкы саат 5-6да башталат. Анткени анын кардарларынын көбү дүңүнөн алып кеткендер. Эрте мененки саат тогуздан соң бириндеп келген кардарларга соода кыла баштайт.

«Бул жыл өтө оор болду. Жазында базарды карантинге жабышты, кайра ачылган учурда бизди кардарлардан ажыратып коюшту. Адатта август менен сентябрь айы биз үчүн иштеп кала турган мезгил эле ата-энелер, окуучулар, студенттер муктаждыктарын алышчу. Бул жылы болсо мектепке 1-класстар гана барды".

Жакында эле Кыргызстанда бийлик алмашуу болду. Көпчүлүк соода кылгандар башаламандык жана мародерчулуктан кооптонуп эки апта соода түйүндөрүн ачкан эмес. Пандемиянын экинчи толкуну болсо, мурдагыдай чектөөлөр болбойбу деген санаркоо менен ишин эми кайра башташты.

Коронавирус менен саясий абал боюнча Кубанычбек Жоомартов көп деле баш оорутпайт. Жайында ал өзүндөгү товарлардын 30% гана сата алды. Мындай киреше менен жаңы товарларды сатып келүүгө мүмкүн эмес.

Өмүрүндө базарда иштеп биринчи жолу сокур тыйын соода кылбай олтурган күндөрү да быйыл болгон экен. Ошондой болсо дагы салыктарды кадимкидей ай сайын төлөөгө туура келет. Андан сырткары базардагы күзөт кызматы үчүн, жердин ижарасы сыяктуу төлөмдөр бар. Кризистен улам базардын ээлери ижара акысын азайткан. Ал деле соодегерлерге өтө чоң жеңилдик болгон жок.

"Дордой" жабылып калса, кайда барабыз дегенге Кубанычбек жооп таппайт.

«Менин төрт балам бар. 20 жыл ичинде мен аларды окутуп-чокутуп, бутуна тургуздум. Мунун баары "Дордой" аркылуу болду. Кесибим боюнча финансист адистигин сырттан окуп бүтүргөм. Бир күн дагы өз кесибим менен иштеген жокмун. 1998-жылы апам, эжем болуп соода баштаганбыз. Ошондон бери эле базарда соода менен алекмин".

Соодагерлердин көбү өткөн жылдагы товарларын сатууда. Анткени чек ара жабылып, кытайдан жаңы товарларды алууга мүмкүн болбой калган.

Кубанычбек сыяктуулар базарда 60 миңдей бар. 1990-жылдары СССР ыдырагандан кийин "Дордойдо" соода кылып, жанын багуу үчүн жумушсуз калган архитекторлор, инженер, дарыгерлер, мугалимдер агылып келген. Азыркы маалда кыргызстандыктардын 20 пайызы базарлар аркылуу жанын багат. Негизги бөлүгү баш калаадагы ири базарларда тиричилик кылат.

"Дордойдун" эсебинен 150 миңдей киши бүлөсүн багат деп айтылып жүрөт. Анын ичинде сатуучулар, такси кызматындагылар, жүк ташыгандар, күзөтчүлөр, ашпоздор, чачтарач сыяктуу жүздөгөн тармактарды айтса болот. Бул Бишкекте жашаган калктын алтыдан бир бөлүгү.

Ансыз деле мигранттар эсебинен күн кечирип келген өлкө үчүн ушунча жумуш ордунун жабылышы өтө катуу сокку болуп калмакчы.

Миллионерлерди чыгарган "устакана"

Соңку 28 жыл ичинде "Дордой" шаардын ичиндеги "шаар" болуп дүркүрөп өсүп, экономикалык жактан бутуна турган жана капчыктуу ишканалардын бири болуп калды.

Муну баары күтүүсүз жерден эле башталган. Кубанычбек Жоомартов базарга келген маалда көптөр үйүнөн эле үстөлүн көтөрө келип, ага товарын жайып олтурат эле. Айрымдар болсо унаасын токтотуп эле, ичине товарларын коюп сата берчү.

«Биринчи контейнерлер 2000-жылдары пайда болду. Анан барган сайын алардын баасы дагы өсө берди. Эгерде 2000-жылдары контейнер 5000 доллар болсо, андан кийин Бишкектеги батирдин баасына жетип, 20-30 миң долларга чыкты. Мен болсо контейнерди банктан насыя акча алып сатып алгам. Аны эки жылда төлөдүм",- дейт Кубанычбек.

Азыркы маалда базардын аянты 100 гектардай бар (Ватикандан эки келет же Кремлден төрт эсе чоң аянтта).

Соода контейнерлери эки кабат болуп коюлган. Биринчи кабаты дүкөн, экинчиси кампа катары пайдаланылып, товарлар сакталат.

Жылдардын өтүшү менен "Дордойдун" тегерегинде жаңы конуштар пайда болду. Бул базар аркылуу тигүу тармагындагылар дагы жанын багууда. Алар өздөрүнүн продукциясын базардагы ортомчулдар аркылуу коңшулаш Казахстан, Өзбекстан жана Орусияга чыгарышат. Бул жылы пандемия маалында чек ара жабылып, базарда коңшу өлкөдөн келгендер жок. Анан калса, соңку беш жылда Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин Кытай менен төмөнкү бажы төлөмдөрүнөн ажырады.

Учурунда чаар-ала сумкелер менен челноктор товар ташып келип олтуруп, "Дордой" чоң дүң соода борборун айланды. Азыр базардын кире беришинде аларга арналган эки эстелик бар.

Жыл сайын базар мамлекеттик казынага 7 миллиард чамалуу салык төлөйт дейт базардын ээлери. Бул жылы казынага түшкөн каражат дагы кыскарды. Кытай менен чек ара бир нече саатка гана ачылып жатат. "Дордойдун" профсоюздар уюмунун маалыматында, мурда күнүгө 300дөй жүк тарткан унаа өтсө, азыр үчөө гана өтүүдө. Ар кайсыл маалыматтар боюнча эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 40-50% кыскарды. Көпчүлүк соодагерлер базардан кетүүгө аргасыз болду. Анткени соодасы өзүн өзү актабай калган.

Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, 2008-жылы "Дордойдо" соода кылгандар ижара үчүн жылына 500 млн доллар чамалуу каражат төлөшкөн. Салыштыруу үчүн алсак, соода жүгүртүү боюнча Борбор Азиядагы экинчи орунда турган Алма-Атадагы «Барахолка» 66 млн доллар аз ижара төлөгөн. "Дордойдун" ижара акысынын чоң бөлүгү базардын ээси, ири бизнесмен Аскар Салымбековго түшөт. Ал 30га чамалуу коммерциялык жана коммерциялык эмес ишканаларга, анын ичинде футбол клубуна, кинотеатрлар түйүнүнө ээлик кылат. Салымбеков өлкөдөгү эн бай кишилердин бири саналат.

Салымбеков "Дордой" аркылуу байыган жалгыз киши эмес. Базардан чыккан миллионерлер тууралуу көптөгөн кептер айтылып жүрөт.

Онлайн-"Дордой"

40 жаштагы Назгуль "Дордойдо" окуучулардын мектеп формасын алып сатат. Ал кийимди тигүү цехтеринин биринен буюртма кылат. Беш жылдан бери эле жаңы окуу жылынын алдында иштеп, калган убакытта жогорку окуу жайында англис тилинен сабак берчү. Окуу жайдагы айлыгы 200 доллардын тегерегинде жана үй-бүлөсүн бакканга жетпейт. "Дордой" аркылуу Назгуль балдарынын үй-бүлөсүнүн кем-каржысын толук жаап келген.

Ушул жылдын жай айында Назгуль мурдагы кардарларынын 70 пайызын жоготту. Алар дагы алып-саткан ишкерлер эле дагы, дайыма ушул убакта Казакстан жана Орусиядан келишчү. Пайдадан кол жууганына карабай кийинки жылга дагы контейнердин ижара акысын келишип койду. Эми онлайн-соодага басым жасайм деп үмүттөнүүдө.

Кыргызстандагы тигүү тармагында үч миңдей ишкана бар жана 300 миңдей киши алектенет дейт өкмөттүк булактар. Тигүүчүлүк кесипке суроо талап күчөп, айлыгы 200дөн 500 долларга чейин. Эгерде "Дордой" жабылып калса, бул тармактын келечеги кандай болору да бүдөмүк.

Назгуль кризис онлайн-сооданы күчөтөт деп ишенет. Анын тааныштарынын бири пандемиядан улам товарларын «Инстаграм» аркылуу сата баштаган. Жыйынтыгында "Дордойдогудан" көп иштеди дейт ал. Азыр болсо шаардын өзүнөн соода түйүнүн ачкан экен.

Булак: Би-Би-Си



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн