Чын курандын 17, 2024
Убакыт: 02:21
USD
89.10
89.87
EUR
94.50
95.50
RUB
0.930
0.970

"Дордой" базарында өрт чыгып, аны өчүрүүгө алты бөлүм тартылды

"Дордой" базарында өрт чыгып, аны өчүрүүгө алты бөлүм тартылды


"Дордой" базарында чыккан өрттү өчүрүү аракети уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-июлда саат 11де билдиргендей, базарда жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоо менен алышууга 10:19да өрт өчүрүүчү бир бөлүм, 10:25те кошумча эки бөлүм, саат 10:30да дагы бир бөлүм, суу ташуучу бир машина, 10:33тө бир, саат 10:36да дагы бир бөлүм тартылганы маалымдалды.

Жалпысынан өрттү өчүрүүгө Бишкек шаардык, Ленин, Свердлов жана Биринчи Май райондук өрт өчүрүү башкармалыктарынан алты бөлүм катышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн