Бугу 14, 2024
Убакыт: 17:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Дордой" базарынын соодагерлери кассалык аппараттарды колдонууга каршы кайрадан митинг өткөрүүдө

24.12.2021 14:32
831
"Дордой" базарынын соодагерлери кассалык аппараттарды колдонууга каршы кайрадан митинг өткөрүүдө

Бүгүн, 24-декабрда "Дордой" базарынын соодагерлери кассалык аппараттарды колдонууга каршы кайрадан митинг өткөрүүдө. 

Ишкерлер контролдук кассалык машиналарды орнотууга каршы экенин билдирип, кечээ да митинг өткөргөн.

 

“Бул кодекске азыр ишкерлер даяр эмес, анткени коронавирус болуп, көп чыгымдарга учурадык, ишибиз солгундады. Ушундай маалда ККМди киргизүү туура эмес. Балким кийинчерээк өтсөк болот, бирок азыр эмес. Жаңы кодекске ылайык, текшерүүчүлөр ар бир айда келет экен, бул коррупцияга жол ачат”, - дешти соодагерлер. 

 

Алар менен жолуккан экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ККМди киргизүүнү жылдыруу өтүнүчү менен өкмөткө кайрылуу жасоо туура болорун, контролдук кассалык машиналарды колдоно электе каршылык көрсөтүү туура эмес экенин айтты. 

 

Расмий маалыматта “Дордой” базарында 40 миңдей соода жайы, 55 миңге жакын жумушчу оруну бар экени айтылып келет.   Мындан сырткары, көптөгөн жарандар "Дордой" базарында күнүмдүк соода менен алектенет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн