Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:59
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

"Дордой" конушунда бала бакчанын курулушу башталды

22.09.2021 12:48
988
"Дордой" конушунда бала бакчанын курулушу башталды


"Дордой" конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.


Бала бакчанын курулушу үчүн бөлүнгөн жер тилкесинин жалпы аянты  57 сотых.


Имаратта балдар ойноочу бөлмөлөрү, ашкана, уктоочу бөлмө,  медициналык кеңсе, кызматкерлердин бөлмөсү, музыка жана гимнастика залы жана техникалык бөлмөлөр болот.

 

Сынактын жыйынтыгы боюнча  мэриянын Капиталдык курулуш боюнча мамлекеттик башкармалыгы "Монолит Строй" курулуш компаниясынын подрядчысын аныктады.


Мекеменин курулушуна каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн