Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 20:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

"Дубинка менен зордуктайбыз". Таласта милиция кылмышка шектүүнүн мойнуна башка иштерди илүүгө аракет кылган

04.04.2023 17:00
592
"Дубинка менен зордуктайбыз". Таласта милиция кылмышка шектүүнүн мойнуна башка иштерди илүүгө аракет кылган

Милиционерлер 20 жаштагы жигитти кылмышты мойнуна алдыруу үчүн эс-учун жоготкончо сабап, "дубинка менен зордуктайм" деп коркутушкан. Бул туурасында Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору билдирди.


Маалыматка ылайык, Д.У. аттуу жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана аймактык тескөөчүсү тарабынан кыйноого кабылган. Шектүү Талас обустук милициясынын убактылуу кармоочу жайына (Токтогулдан Таласка алып келинген себеби белгисиз) алып келингенден кийин улуттук борбордун Таластагы өкүлчүлүгүнө маалымат түшкөн.


Кызматкерлер 3-мартта барып текшергенде колу, мойну, көкүрөгү тытылып, кан уюп калганы аныкталган. Арыздануучунун айтымында, милиционерлер токмоктоп, муунткан, ага чыдабай бир нече жолу өзүн жоготкон. Андан сырткары, жигитти желим дубинка менен зордуктайбыз деп коркуткан. Мындай мыкаачылык менен кыйноонун максаты бир нече кылмышты мойнуна алдыруу болгон. Арыздануучу андай кылмыштарды жасабаганын айтууда", — деп жазылат маалыматта.


Андан соң Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүү жана кыйноо тууралуу Стамбул протоколун толтуруу үчүн тез жардам чакырган,

Жыйынтыгында тиешелүү документтер Талас облустук прокуратурасына жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн