Дженго" каймана аттуу кримтөбөл Кадыр Досонов өзү колго тушүп берди. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева 24.кг агенттигине билдирген.
Маалыматка ылайык, Досоновду убактылуу кармоочу жайга киргизишкен. Бүгүн анын баш коргоо чарасы боюнча соттук отурум өтөт.
"Менин кардарыма мыйзамсыз жер басып алуу боюнча айып коюлду. Анын мурдагы жубайынын үйүнүн дубалы сыртка чыгып кеткен. Мунун мэрия менен чече турган маселе болчу", -дейт жактоочу.
Эске салсак, кечээ Досонов жашынган деген үйгө тинтүү жүрүп анын буюмдарын таап, бирок өзүн кармоого мүмкүн болгон эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн