2021-жылдын 6-июлунда “Эдельвейс” полигонунун базасында тоо даярдыгы боюнча окуу-машыгуу жыйындарынын активдүү фазасы өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бардык кошуун, бөлүк жана курамаларынын нускоочулары тартылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын негизги максаттары - тоодогу тоскоолдуктарды жеңүү боюнча билимди жана көндүмдөрдү өркүндөтүү, окутуу бөлүмдөрүндө нускоочулардын тоолуу даярдыктын негиздерин үйрөтүү боюнча методикалык чеберчилигин жогорулатуу, жалпы дене тарбиялык жана моралдык сапаттарын көтөрүү.
Активдүү фазанын жүрүшүндө аскер кызматчылары нускоочулардын жетекчилиги астында түйүндөрдү түйүүнү, камсыздоочу системаны даярдоону, таштак жана чөптүү тоо беттери аркылуу жүрүүнү, ошондой эле, жаракат алгандарга биринчи жардам көрсөтүп, аларды ташып жеткирүүнү ишке ашырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн