Бугу 04, 2024
Убакыт: 02:53
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

"Экономикалык мунапыс" Райым Матраимовго карата колдонулбайт

23.12.2020 11:37
750
"Экономикалык мунапыс" Райым Матраимовго карата  колдонулбайт

"Экономикалык мунапыс боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам Райымбек Матраимовго карата колдонулушу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева 23-декабрда парламенттин отурумунда билдирди


Аталган мыйзам долбоорун депутаттар: Ө.Бакиров, М.Маматалиев, Г.Асылбаева, С.Айдаров жана А.Жапаров демилгелеген.


Г.Асылбаеванын айтымында, мыйзам долбоору Р.Матраимовго карата колдонулушу мүмкүн эмес, анткени анын иши «Коррупция» беренеси боюнча каралып жатат жана эч кандай компенсация же мунапыс каралган эмес.


«Бирок, депутат Д.Бекешев айткандай болуп Матраимов бул мыйзам долбоорун колдоно ала турган болсо да, ал кайрадан 2 миллирад төлөөгө туура келет. Бул болсо Матраимов үчүн пайдасыз аракет",- деди Асылбаева.


"Бүгүнкү мыйзам долбоору - кийинки мезгилдеги салыктык кирешелер түрүндөгү мультипликативдик эффект менен капиталды легалдаштыруу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу мүмкүнчүлүктөрүнүн бири. Бул коррупцияга каршы күрөшүүдө кошумча катализатор катары кызмат кылат. Анткени келечекте мыйзамды бузуу экономикалык жактан пайдасыз болуп калат”, - деп кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн