Бугу 08, 2024
Убакыт: 05:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

"Элдик палата" бирикмесинин мүчөлөрү Тажикстандан ири көлөмдө афган баңгизатын ташыгандыгы аныкталды

"Элдик палата" бирикмесинин мүчөлөрү Тажикстандан ири көлөмдө афган баңгизатын ташыгандыгы аныкталды

Атайын операциянын жүрүшүндө жалпы салмагы 17 кг 192 граммды түзгөн афган тектүү «чарс» баңги заты бар жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан узак мөөнөттүү атайын иш-чаранын жүрүшүндө «ТР-КР» каттамы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө оор баңги заттарды - афган тектүү «чарс» ташуу менен алектенген эл аралык баңги тобунун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.


2022-жылдын 8-сентябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндө, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары, анын ичинде Коррупцияга каршы элдик курултайдын “Элдик палатасы” коомдук бирикмесинин мүчөсү О.Н.О., Ш.Т.А. жана Т.З.Ж. кармалган. Алардан жалпы салмагы 17 кг 192 гр афган тектүү «чарс» баңги заты табылып алынган.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар КР УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча башкы бармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда бул баңги тобунун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн