Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Элдик" тобунун депутаттары Кувейт жана Иорданиядан келген ишкерлер менен жолугушту

30.11.2022 14:07
285
"Элдик" тобунун депутаттары Кувейт жана Иорданиядан келген ишкерлер менен жолугушту


“Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Иордания менен Кувейт мамлекетинен келген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.


Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу, өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу, инвестиция тартуу маселелери талкууга алынды.


Тактап айтканда энергетика, тоо-кен өндүрүшү, авиация багытындагы кызматташтык боюнча кеңири сөз болду.


Жолугушууда энергетика тармагындагы Кыргызстандын потенциалы, чакан ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүктөрү, геологиялык чалгындоо иштерине катышуу боюнча долбоорлорду сунуштоо, “Кыргызстан” авиакомпаниясынын акцияларын сатып алуу жана ушул аталган багыттарга инвестиция алып келүү боюнча өз ара пикир алышышты.


Жолугушууга депутаттар А.Түмөнбаев, А.Кенжебаев, Ж.Нурбаев, А.Таштанбеков, А.Малиев, Т.Икрамов, Ч.Ажыбаев, Ө.Бакиров катышышты.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн