Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:31
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Элдик" топтун депутаттары Баткенде чек арадагы тургундар менен жолугушту

30.01.2023 10:08
254
"Элдик" топтун депутаттары Баткенде чек арадагы тургундар менен жолугушту

Акылбек Түмөнбаев баштаган Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобунун мүчөлөрү Жалолидин Нурбаев, Нурлан Ражабалиев, Максатбек Сарбагышев, Тазабек Икрамов жана Чыңгыз Ажибаев Баткен районундагы иш сапарынын алкагында кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн коогалаңда жабыркаган айылдарды кыдырышты. 


Алгач эл өкүлдөрү Миң-Өрүк айылында талкаланган үйлөрдүн ордуна салынып жаткан жаңы тамдардын курулушу менен таанышты. Алсак, 37 үйдүн курулушу башталып, анын жетөө пайдаланууга берилген. Жакынкы аралыкта калган 30 үй да ээлерине тапшырылып, экинчи этапта 17 үй салынары күтүлүүдө. 


Жергиликтүү тургундар менен да баарлашуу маалында чек араны бекемдөө маселеси көтөрүлүп, жолдорду оңдоо жана жарыктандыруу өңдүү бир катар социалдык көйгөйлөрдү чечүү зарылчылыгы айтылды. 


Андан тышкары, депутаттар Ак-Сай жана Капчыгай айылдарынын тургундары менен да жолугушуп, талаптарын угушту.


Айрым тургундар чек ара жаңжалында жабыркаган тамдарды куруу иши кечеңдеп жатканын жана кээ бир субподрядчылардын ишмердүүлүгүнө нааразычылыктарын билдиришти. Ошондой эле коогалаңда жоголгон үй мүлктөрүн да калыбына келтирүү маселесин чечүүгө да көмөктөшүүнү өтүнүштү.


Өз кезегинде депутаттар айтылган бардык талаптын аткарышын көзөмөлгө алышарын жана айрымдарын Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүшөрүн билдиришти. 


Мамлекет Баткен облусуна, анын ичинен чек арага чектеш айылдарга өзгөчө көңүл буруп жатканын айткан депутаттык топтун лидери Акылбек Түмөнбаев: "Биргелешкен аракет менен гана бардык кыйынчылыктарды жеңебиз", - деди. 


Муну менен катар депутаттар ар бир суроого жооп беришип, жыйын жүрүшү протоколго түшүрүлдү. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн