Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

"Электр транспорт саясаты боюнча билим берүү" кыргыз-корей программасы ишке кирди

07.09.2023 12:08
203
"Электр транспорт саясаты боюнча билим берүү" кыргыз-корей программасы ишке кирди


Транспорттун экологиялык түрүн өнүктүрүү саясаты жаатында тажрыйба алмашууга багытталган “Кыргызстан үчүн электр транспорт саясатында андан ары билим берүү” программасынын ачылышы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанатты KOICA вице-президенти Хонг Сеок Хва жана КР экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов ачышты.

Иш-чарага ошондой эле КР президентинин администрациясынын жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Хонг Со Хва транспорттун экологиялык режимине өтүү маселелеринде кыргыз тараптын умтулуусун колдоого даяр экенин белгиледи.

Министрдин орун басары кореялык тарапка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул программа Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын электр транспорт саясатын иштеп чыгуу боюнча потенциалын жогорулатууга жардам берерин белгиледи.

"Кыргызстан көмүртектүү нейтралдуулукка жетүү максатын коюп жатат жана транспорт секторун экологиялык альтернативага айландыруу бул жолдогу чечимдердин бири болот. Белгилүү болгондой, Корея электр транспортун жана ага байланыштуу инфраструктураны ийгиликтүү киргизген дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири, бул жагынан корей тараптын практикалык тажрыйбасы абдан пайдалуу", - деди Абдрахманов.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар өнөктөш өлкөлөр үчүн KOICA тажрыйбасын жайылтуу боюнча программалардын алкагында кызматташууну бекемдөө маселелерин талкуулашты, ошондой эле Кыргызстанда электр транспортун өнүктүрүү саясатын стимулдаштыруу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн