Бугу 13, 2024
Убакыт: 13:50
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

"Элиза үй буюмдары" каржы пирамидасынын өкүлдөрү жетекчисин бошотууну талап кылышты

29.07.2021 10:32
542
"Элиза үй буюмдары" каржы пирамидасынын өкүлдөрү жетекчисин бошотууну талап кылышты

“Элиза үй буюмдары” каржы пирамидасынын катышуучулары алардын башында турган Элиза Бактыбек кызын бошотууну суранышууда. Бул тууралуу "7-канал" билдирди.


Алардын айтымдарында, жогорудагы каржы пирамидасынан жабыр тарткандар жок жана учурда убадаланган буюм-тайым, эмеректер ээлерине өз убагында берилүүдө.


Буга ылайык “Megacom” компаниясынан жооп алууну туура көрдүк. Компаниянын айтымында, эсептеги сумма млн сомдон ашканда атайын органдарга маалымат берүүгө милдеттүү.


MegaCom эскертет!


“Элиза үй буюмдары” деп аталган топтун алдамчылыкка шектелип жаткандыгы тууралуу маалыматтын социалдык тармактарга тарагандыгына байланыштуу MegaCom мобилдик оператору төмөнкүлөрдү маалымдайт:


• Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБинин маалыматына ылайык, ири алдамчылыкка шектелип Б.Э. жана М.О. аттуу жарандар кармалды. Кармалган бул жарандар MegaCom’дун жана башка байланыш операторлорунун абоненттерин мыйзамсыз каржылык схемасына тартышкан деп божомолдонууда. Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 214-берененин 3-бөлүмү (“Алдамчылык”) менен катталды.


MegaCom компаниясы абоненттерин сак болууга, үчүнчү жактардын алдамчылык аракеттерине азгырылбоого, бейтаныш номерлердин балансын толуктап бербөөгө чакырат.


Ал эми Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы, Аталган каржы пирамидасынын уюштуруучулары Бактыбек кызы Элиза менен анын жолдошун, М аттуу жабырлануучунун арызынын негизинде 214-берене боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизген.


Аталган факты Свердлов РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 214-берененин (Каржы пирамидаларын уюштуруу, башкача айтканда, анын иштешине шарт түзүү. Ага катышуу же финансылык пирамиданы пайдалануу менен финансылык активдерди өстүрүү. Өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен байланышкан каржы пирамидасынын ишин уюштуруу жана башкаруу) менен катталган.


Милиция: Жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар 0553 08-75-57, 0701 00-61-06, 0706 51-51-54, номурларына жана Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн номуру 0312 43-32-75 боюнча кайрылса болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн