Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

"Эмгек" партиясы Бишкек шаардык кеңешине райондук бөлүмдөрдөн сунушталып жаткан кандидаттардын тизмесин түздү

27.02.2021 21:24
2960
"Эмгек" партиясы Бишкек шаардык кеңешине райондук бөлүмдөрдөн сунушталып жаткан кандидаттардын тизмесин түздү


Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарында “Эмгексаясий партиясынын Бишкек шаарындагы бөлүмүнүн Конференциясы болуп өттү. Анын негизги максаты алдыдагы жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна партиянын райондук бөлүмдөрүнөн сунушталып, делегаттардын колдоосуна ээ болгон кандидаттардын тизмесин бекитүү болду.


Конференцияда алгачкы жолу кандидаттардын кезеги ачык жарыяланды. Бул өз кезегинде “Эмгек" партиясынын таза жана ачык-айкын шайлоого болгон ышкысын көрсөтпөй койбойт. Ар бир кандидат ортого чыгып, конференциянын делегаттарына тааныштырылды.


Анда куттуктоо үчүн партиянын негиздөөчүсү, меценат Аскар Салымбеков чыгып сүйлөдү. Ал Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери демократиялык өнүгүүдө олуттуу чакырыктарга дуушар болбогонун, ал өз убагында 2005, 2010 жана 2020-жылдардагы каатчылыктарга кириптер кылганын белгиледи.


“2011-жылы позитивдүү өзгөрүүлөргө ишенүү менен "Эмгек" партиясын түзүп, өлкөнүн бардык аймактары боюнча иштей баштадык. Партияга 150 миңдей киши мүчө болду. 2015-жылдагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып, утушка ээ болгонубуз менен шайлоонун жыйынтыгы чындыкка дал келген жок", - деди Аскар Салымбеков.


“Бүгүнкү күндө саясий партиялар шайлоолорго тең укуктуу жана атаандаштыкка туруктуу шарттарда катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Саясий талаа тазаланып келе жатат. Өлкө башчылары алдыдагы шайлоодо добуш сатуу болбойт деп ишендирүүдө. Мындай жагдайда “Эмгек” партиясы шайлоого катышып, жарандарга программасы, планы жана максаты кандай экенин билдириши керек", - деди ал.


Партиянын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкердин көңүлүн бурдуруучу маселелерге токтоло кетишти. Алардын катарында экологияны жакшыртуу, сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо жана борбор калаага туристтерди тартууну күчөтүү кирет. Алардын сөзү боюнча шаар маселесин жана аны чечүүнүн жолдорун билген учурдагы депутаттар жок эмес. Ошол эле маалда алар “Эмгек” партиясына шайлоого катышууда ийгилик каалап өтүштү.


Талапкер Асел Абдыгулова буга чейин саясий бирикмелерге мүчө болбогонун билдирди. Бирок, “Эмгек” партиясынын программасы жана идеялары ага жакын.


“Кыргызстан азыркы учурда башынан оор кырдаалды өткөрүүдө. Өлкөдөгү акыркы окуялар саясий күчтөрдүн жаңылануусу керек экендигин көрсөтүп койду. Андыктан, биздин партиянын жаңылануусу өз учурундагы, туура чечим болду деп ойлойм. Системаны алмаштырып, жарандардын жашоосун оңдогон жаңы көз караштагы жаңы жүздөр биздин партияга гана эмес, шаарыбызга, жалпы эле мамлекетибизге керек экендигине чын дилимден ишенем”, - деди ал.


Асель Абдыгулова Бишкек Кыргызстандын экономикасынын локомотиви экенин билдирди. Борбор калаада өтө көп маселе топтолду. Көп тармактар боюнча анын туура эмес жолдо өнүгүп жатканы көрүнүүдө. Жагдайды кардиналдуу түрдө өзгөртүү учуру келди.


Биздин ой бир, өндүрүшчүл жана патриоттордон турган командабыз шаар маселесин чечүүдө прогрессивдүү ыкмаларды алып келет деп ишенем. Эмгек партиясынын жалпы аракети менен Бишкек шаары өлкөнүн бардык тармагына өнүгүүнү алып келе ала турган демилгелүү шаар болот деп үмүттөнөм, - деди.


Конференциянын жүрүшүндө делегаттар 11-апрелде боло турган жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышуучу 75 талапкердин тизмесин бекитти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн