Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:09
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

"Эмгек" партиясы Бишкекте кайрадан өтө турган шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесин бекитти

14.06.2021 10:56
856
"Эмгек" партиясы Бишкекте кайрадан өтө турган шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмесин бекитти

13-июнда Бишкек шаарында "Эмгек" партиясынын конференциясы болуп өттү. Күн тартибине коюлган негизги маселе алдыда өтө турган БШКнын шайлоосуна катышуучу талапкерлердин тизмесин аныктоо болду.


Анда "Эмгек" партиясынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков эл алдына чыгып өз пикирин билдирди.


Анын билдирүүсү боюнча, "Эмгек" партиясынын мындагы талапкерлеринин көбү 11-апрелде өткөн шайлоого катышкандар. Алар Бишкек шаарынын келечегин, муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн жакшы билген иш билги адис адамдар.


Ал белгилегендей, жаз айларында айрым партиялар жеңилерин билип, "Эмгек" партиясына жана анын талапкерлерине карата кара пиарды колдонгонун айтты.


"Майда-чүйдө каралоолорго, диверсия жана провокацияларга карабастан, алдыга карай ишенимдүү кадам таштадык. Биздин талапкерлер күчтүү жана алардын көз карашы оптимисттүү. Алдыдагы шайлоо мурункуга караганда таза өтөт деген ишенимдемин. Башка партияларды жайына коёлу. Өз программабыз жөнүндө гана сүйлөйлү. Позитивдүү бололу жана конструктивизмди карманалы. Ушак сөзгө, чагымчылыкка жана фейктерге көңүл бөлбөйлү", - деген чакырык таштады.


Конференцияга "Эмгек" партиясынын Бишкек шаары боюнча бардык баштапкы уюмдарынан делегаттар келип катышты. Регламентке ылайык жумушчу органдары, президиум, төрага жана конференциянын катчысы, ошондой эле мандаттык жана эсептик комиссия шайланды. Делегаттар талапкерлердин тизмесин тактады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн