Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:38
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

"Эмгек" партиясы үгүт кампаниясын биринчилерден болуп баштады

12.03.2021 09:28
3662
"Эмгек" партиясы үгүт кампаниясын биринчилерден болуп баштады


“Эмгек” саясий партиясы Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоо кампаниясын биринчилерден болуп баштады.


Партия үгүт кампаниясына 12-март күнү саат 00:00дө старт берди. Бул салтанаттуу иш-чарага алтымыштай талапкер, алардын ишенимдүү адамдары, штабдын кызматкерлери, активисттер жана “Эмгек” партиясынын мүчөлөрү катышты. Партиянын символикасы түшүрүлгөн футболка жана жилет кийишкен чыныгы патриоттор түнкү саат 12ге аз калганда Кыргыз Республикасынын гимнин ырдап, жакшы тилектерин айтып жатышты.


Иш-чаранын башында “Эмгек” партиясынын төрагасынын орун басары Жаныбек Абиров Бишкек шаарынын төрт районунан катышып жаткан талапкерлердин тизмесин жарыялады. Тизмеде ар кыл чөйрөдө эмгек өтөгөн өндүрүшчү, өз ишин сүйгөн кесипкөй жана патриоттордон турган 75 адам бар. Аталган талапкерлердин тизмеси февраль айында партиянын райондук бөлүмдөрү тарабынан түзүлүп, саясий уюмдун жалпы съездинде бекитилген. Партия конференция өткөрүү маалында депутаттыкка талапкерлердин кезегин биринчи жолу ачык жарыялаганын баса белгилей кетүү керек. 


Салтанаттуу кеченин жүрүшүндө Жаныбек Абиров жана башка талапкерлер “Эмгек” партиясынын шайлоо алдындагы программасын сунушташты. Ага “Демилгелүү шаар” деген ат берилди. Бул программада жадатма лозунгдарга, популизмге жана курулай убадаларга орун берилбейт. Борбор калаада болуп жаткан конкреттүү маселелер көрсөтүлүп, аларды чечүү жолдору так айтылган. Партиянын программасына Бишкектин бардык проблемаларды кирген жана шаарды натыйжалуу башкаруунун оптималдуу жолу сунушталган.


“Эмгек” партиясынан депутаттыкка талапкер Самат Сакбаев борбор калаанын экологиясын жакшыртуу жана таштандылар маселесин чечүү боюнча пландары менен бөлүштү. Дагы бир талапкер Махабат Жумагулова шаардагы социалдык көйгөйлөрдү, анын ичинде калкты социалдык жактан коргоо, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселелерин чечүү жолдору жөнүндө айтып берди. Талапкер Руслан Жакышев жаңы конуштарды өнүктүрүү пландары менен бөлүштү. Ал эми Камила Сагыналиева менен Руслан Шаршенбай уулу борбор калаада спортту, маданиятты жана туризмди өнүктүрүү жөнүндө кеп козгоду.


Соңунда “Эмгек” партиясынын лидери Ырысбек Мааткабыловго сөз берилди. Ал команданын негизги максаты элге татыктуу кызмат кылуу экенин белгилеп, коюлган максаттарга талыкпаган эмгек менен жетүүгө үндөдү. “Биз коомдун бирдиктүү күчтөрүн топтоп, Бишкек шаарын ыңгайлуу, заманбап, өнүккөн ички түзүмгө ээ жашыл шаарга айлантуу аракетин жасайбыз”, - деди ал.


“Эмгек” партиясынын шайлоо кампаниясынын башталышы социалдык тармактардагы баракчалар аркылуу түз эфирде чагылдырылып турду. 


 ***"Эмгек" саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аземова Аяна
"Эмгек" партиясы үчүн