Бугу 12, 2024
Убакыт: 18:09
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

"Эң мыкты имам" жана "эң мыкты мечит" сыйлыгынын ээлери аныкталды

12.03.2021 07:53
681
"Эң мыкты имам" жана "эң мыкты мечит" сыйлыгынын ээлери аныкталды

Андижан облусунун Баликчи районундагы Аккурган мечитинин имам-хатиби Рустамжон Хамидов Өзбекстандын 2020-жылдагы "Мыкты имамы" наамына ээ болду. Нукус шаарындагы Имам Эшен Мухаммед мечити Өзбекстандагы "эң мыкты мечит" деп табылды. Бул тууралуу өзбек басылмалары билдирди.


Өзбек мусулмандарынын дин башкармалыгы, Муфтият, 10-мартта билдиргендей, мыкты имам жана эң мыкты мечит интернет колдонуучулары берген добуштар менен аныкталды. Сыйлык тапшыруу аземи 10-мартта өттү.


"Эң мыкты мечит" категориясында экинчи орунду Хорезм облусунун Үргөнч шаарындагы "Ахун бобо" мечити, үчүнчү орунду Андижан облусунун Кургантепа районундагы "Рамазан Кори" мечити ээледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн