Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:16
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

"Эркештам" өткөрүү бекетинде унааларды ылдам тейлөө үчүн кошумча сызыктар пайда болот

04.05.2023 14:55
512
"Эркештам" өткөрүү бекетинде унааларды ылдам тейлөө үчүн кошумча сызыктар пайда болот


Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  

Элчибек Джантаев "Эркештам" кыргыз-кытай көзөмөл-өткөрмө пунктуна иш сапары менен барды.


 Күндүн биринчи жарымында Элчибек Джантаев бажы, чек ара жана транспорт кызматтарынын ишмердүүлүгү менен танышып, 4 сызыктуу унаа жол курулуучу тилкесин жеринен көрдү. 

 

 Ошондой эле, Финансы министри А.Бакетаев менен биргеликте чакыртылган министрликтердин жана мекеме-ишканалардын тиешелүү кызматкерлери, областтык жана райондук мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.  

 

Жыйындын жүрүшүндө көзөмөл-өткөрмө пункттун аймагын кеңейтүү максатында, бажы инфраструктурасын жакшыртуу (көзөмөл постторун, документтерди тариздеген кызматкерлердин, таразалардын санын көбөйтүү жана, терминалдардын аймагын кеңейтүү) маселелери талкууланды. Аны менен кошо КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан узун кезек күтүп жаткан жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жакшы шарттарды түзүү (милициянын жана медициналык пункттарын ачуу, автостоянка куруу, таштандылар үчүн контейнерлерди уюштуруу, даараткана орнотуу) боюнча тапшырмалар берилди. 

 

 Күндүн экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы өкүлү  Элчибек Джантаев башында турган делегация "Эркештам" көзөмөл-өткөрмө пунктунун нейтралдуу аймагында Кызыл-Суу автономдук округунун губернатору Орозалы Кашкарбай баштаган делегация менен жолугушту. 

 

 Жолугушуунун жүрүшүндө төмөндөгү негизги маселелер талкууланды: 

 

1. Көзөмөл-өткөрмө пунктка чейин курулучу 1,5 км аралыктагы 4 тилкелүү унаа жолунун долбоору. Бул долбоордо каралган жолго дагы 4 км кошуу керектигин Элчибек Джантаев тарабынан сунушталды. Жыйынтыгында көзөмөл-өткөрмө пунктка чейин 5,5 км төрт тилкелүү жол салынат. 


2. Көмүр экспорттоодо тыгын жана кезек күтүүнү азайтуу үчүн асма көтөрүлмө аба коридорунун долборун ишке ашыруу; 

3. Өткөрмө пунктун иштөөсүн аптасына 7 күн уюштуруу;  

4. Ош облусуна кытайдын чоюн (чугун) куюучу заводун куруу; экспортту жана импортту көбөйтүү (Ош облусунан мөмө, жер-жемиштерди жана этти экспорттоо);  

5. Ош облусун аймагына жер-жемиш жана мөмө-жемиштери чогултуп экспорттоого жөнөткөн логистикалык борбор куруу;  

6. Бизнес-форум өткөрүү.  

 

 Жолугушуунун жыйынтыгында делегация башчыларынын ортосунда боордоштук мамиле түзүү боюнча Ниет протоколго кол коюлду. 

 

 Жетишилген макулдашууларга ылайык төмөндөгү иш-чараларды тез арада ишке ашыруу тапшырмасы берилди:

 

• Тыгындарды жана ар кандай тобокелчиликтерди алдын алуу максатында "Эркештам" көзөмөл-өткөрмө пунктуна кирүү үчүн жүк ташуучу унаалардын автоматтык электрондук кезектери уюштурулсун.

• "Эркештам" көзөмөл-өткөрмө пунктунун аймагын кеңейтүү үчүн жер бөлүп берүү.

• "Эркештам" көзөмөл-өткөрмө пунктунун кире беришине жол жана коомдук коопсуздукту сактоо максатында милициянын пунктун ачуу. 

• "Эркештам" көзөмөл-өткөрмө пунктунун кире беришине айдоочуларга тез жана өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн медпункт ачуу. 

• "Эркештам" көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын айдоочулар үчүн жол жээгиндеги инфраструктураны түзүү боюнча иштерди (унаа токтоочу жай, май куюучу жай, тейлөө станциясы, мейманкана комплекси, азык-түлүк дүкөнү, тамак аш жайы, даараткана, таштанды контейнерлери) тез арада аткаруу тапшырмалары берилди. 

 

Жыйынтыгында облустун экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизе турган маанилүү макулдашууларга жетишти. Экономикалык тыгыз кызматташтыкты түзүү, бизнестин өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана калктын жашоо деңгээлинин жогорулашына өбөлгө түзөт.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нурзада
Эркеш тамда унналарды тейлоо жумушка иштеш учун кимге каяка кайрылабыз?