“Эстей жүр” рубрикасы кыргыз журналистикасын жаңы доорго алып келип, өз мектебин түзө алган курч калемгер, саясий ишмер маркум Мелис Эшимкановду эскерет.
Журналистикага жаштайынан аралашкан
Эшимканов Мелис Асанаалиевич 1962-жылы 9-декабрда Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында туулган. Атасы Асанаалы Эшимканов Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылынан болгон, ата-энеси дарыгерлик кызматты аркалашкан.
Ал
борбор шаарда таалим алган. Жаштайынан радио берүүлөрдү даярдоого катышып,
балдар гезитине макалаларын жарыялап турган. Кичине чагынан журналисттик
кесипке шыктанып чоңойгон Мелис Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук
университетинин журналистика факультетине тапшырып, 1985-жылы бүтүргөн.
Эмгек жолун Кыргызстандын теле жана радио боюнча Мамлекеттик комитетинин жаштар редакциясынан баштаган. Кийинчерээк жаштардын "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы, "Комсомолец Киргизии" гезитинде жооптуу катчы болгон.
1990–1991-жылдары Кыргызстан Комсомолунун Борбордук Комитетинин идеологиялык бөлүмүнүн инструктору кызматында иштеген. 1991-жылы "Жаштык жарчысы" гезитинин (мурдагы “Ленинчил жаш” гезитинин) редактору болуп дайындалган.
“Асабасын” А.Акаев тартып алганда...
Мелис Эшимканов кийин “Ленинчил жаш” гезитин менчиктештирип, анын аталышын “Асаба” деп өзгөртүп алган. Бул эркин гезитке 1992-жылдан 2001-жылдардын башына чейин кожоюндук кылып, баш редактор катары жетектеген.
Ошол учурларда коомчулуктун бүйүрүн кызыктырып, окурмандарынын санын күндөн күнгө көбөйтүүгө жетише баштаган бул гезит оппозициялык маанайда жарыкка чыгып, Аскар Акаевдин башкаруу бийлигин активдүү сындап турган. Мындан улам ал басылманы А.Акаевдин режимине тарттырып жиберген.
“Асабадан” “Агымга”
Акаевдин мындай кысымы ага өз баласын башка бирөө тартып алгандай таасир калтырган, дегени менен Эшимканов кол куушуруп отуруп калган жок. Кыргыз журналистикасында жылдызы жаркырап жанып турган учурда 2001-жылы “Агым” деп аталган жаңы эркин гезитти ачып, 2001-2005-жылдары "Агым" гезитине башкы редакторлук кылган.
Бул гезиттер аркылуу өзүнүн чыгаан редактор, медиа менеджер экендигин далилдей алган жана кыргыз журналистикасында өз мектебин түзгөн. Журналистмин деп колуна калем кармагандын баары анын стилине өттү, келечекте журналист болууну каалаган жаштар пайда болду жана аны кумир тутушту. Ал өзүнөн кийинки муундарга сөзгө чебердиги, бетке таамай айтуусу, ачык сындап, ак сүйлөгөн кайратмандыгы менен үлгү боло алган.
Саясат
Эшимкановду эл журналист катары эле эмес, саясатчы катары да тааный баштады. Саясатка баш оту менен киришкен Мелис Асанаалыевич 2000-жылы президенттик шайлоодо өлкө башчылыкка талапкер катары ат салышты. Президент боло албаса дагы татыктуу деңгээлде өзүнүн добушун топтой алган. Ошол кездеги алган добушу анын мындан аркы саясий салмагын аныктоого шарт түзгөн. Дымагы арткан бул саясатчы 2005-жылы апрелде Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Анда дагы жигердүү, салабаттуу, авторитет депутаттардын катарын толуктай алды десек болот. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлиги аны канааттандырбай баштап, ага каршы болгон оппозициянын катарына өтүп кеткен. Ага каршы бир топ сын макалаларын жазды, ачыктан-ачык сындады.
Оппозициядан бийликке
2007-жылдын жайында негедир Бакиевдин бийлигин кайра жактап баштады. Ошондон улам оппозициячыл күчтөр кыйла топтолгон бул парламентти таркатууга демилгечилерден да болду.
2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын ноябрынын башына чейин КТРКнын башкы деректору болуп дайындалды. Бирок анын бул кызматка дайындалуусун оппозицияда жүргөн жакын санаалаштары жактырышкан эмес, айрым досторун да жоготуп алды. “Бийликке сатылып кетти” деп сындагандар четтен чыкты.
Андан соң, 2009-жылдын 6-ноябрында Мелис Эшимканов К.Бакиевдин уулу Максим Бакиев көзөмөлдөгөн Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикке караштуу Кыргызстандын Өнүгүү корунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп дайындалып, экинчи элдик ыңкылапка чейин ушул кызматта иштеп турду. Мына ушул убакта эл арасында дагы кадырын жоготуп алгандай болду, себеби ал кезде Бакиев уулун бийликке аралаштырып алганы үчүн эл арасында нааразычылыктар айтыла баштаган эле.
Мелистин жубайы Асел Эшимканова жолдошунун мындай кадамын “бийликти сыртынан сындаш оңой, бирок анын ичинде болуп бийликтин чыныгы аракеттерин, андагы иштерди жон териси менен сезүү үчүн барган” деп баалаганы бар.
2010-жылы 18-мартта Өнүктүрүү корунун Байкоочулар кеңешинин төрагасы Мелис Эшимканов: “Бул фондду түзүү менен дүйнөлүк каржылык шартта каражаттарды башкаруунун жаңы ыкмасын колдонуу далалатын жасаган”, деп “Азаттыкка” айтаны бар.
“Буга чейин Кыргызстан 18 жылдын ичинде 2 миллиард доллар карыз алган. Ал карыздардын баары мамлекеттин, өкмөттүн мойнуна түшкөн. Анын төлөмдөрү биздин өзүбүздүн ички социалдык маселелерибизди чечиш үчүн улам жылып келе берген. Бул жаңы тышкы карыздар менен, тышкы грант жана инвестиция менен иштөө жөнүндө жаңы заманбап механизмди баштады”.
Бирок тилекке каршы, бул фонд 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан соң коррупциялык кор катары расмий жоюлган.
Саясат аны тынч койбоптур
Андан кийинки учурда Мелис Эшимканов бир топ ай саясаттан алыс жүрдү. Акырындап, башка бир эркин гезитти (“Баягы Асаба” гезитин) ачуу камылгаларын жасады. Бирок ал мындай аракетин баштаары менен эл арасында ага карата терс пикирлерди жараткан. Анткени Бакиев менен кошо анын тегерегинде жүргөн бийликтеги адамдардын бардыгы жоюлуусун талап кылышкан эле. Ошентип анын кайрадан саясатта пайда болушун көргүсү келбегендер социалдык түйүндөрдө байма-бай айтыла баштады.
Анын
дарегине айтылган сындар анын өнөкөт жүрөк оорусун ого бетер курчутту, деп айтышкандары
бар. Себеби, анын көңүлү гүл, терс маанайдагы пикирлер түз жүрөгү аркылуу өтчү
экен. Дайыма элдин алкышына арзыган бул саясатчы кээ бир “соккуну” көтөрө албай
калса керек, андан көп өтпөй эле Мелис Эшимканов 2011-жылдын 15-сентябрында
Бишкек шаарында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Ушул күнү Эшимкановдун жүрөгү токтоп калып, каза болгону тууралуу суук кабарды эл-журт, анын замандаштары, кесиптештери өзгөчө кыргыз журналистикасы оор кабыл алды.
Учурда маркум тарбиялап кеткен шакирттери, балдары, достору, үй-бүлөсү атын өчүрбөй даңазалап келишет.
Акын, жазуучу жана журналист Шайлообек Дүйшеев кийин "Агындылар" китебинде Убадасын берип, бирок ал убаданы аткарбай, кулагына "лапша" илип, алдап кеткендердин азабын колуна берчи. Мелис токтоп калганды жаман көрчү, токтоп калган сайын токтогон суудай бузулуп, токтоп калган балчыктай сасып кетчи. Тескерисинче, артынан ээрчиткенди жакшы көрчү. Өлкөдөгү каралар дүйнөсү, рекеттердин тири шумдук мыйзамсыз аракеттери жөнүндө сериалдарды сандан санга жазып, өзүнүн укмуштуудай таланты менен өзгөчөлөнчү, деп эскерет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн