Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 18:26
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

"Эстей жүр": Саясатта Дооронбек Садырбаевдин даанышмандыгы жетпей жаткандай

16.03.2021 10:10
1412
"Эстей жүр": Саясатта Дооронбек Садырбаевдин даанышмандыгы жетпей жаткандай


“Эстей жүр” туруктуу рубрикасынын эң алгачкы каарманы белгилүү саясий жана маданий ишмер, Жогорку Кеңештин 3 жолку депутаты, кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев болмокчу. 


ҮЙ-БҮЛӨ ЖАНА БАЛАЛЫК

Дооронбек Садырбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында 1939-жылы 13-февралда туулган. Атасы "Бирлик" колхозунун төрагасы болуп иштеген. Ал 14 жашка чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон. Ал кичинесинен зирек болгондуктан, бир нерсе чыгаарын сезгендей, апасына сөзсүз окутуп, билим алуусуна шарт түзүп берүүсүн атасы керээз катары айткан. Апасы ал айткандарынын баарын аткарган. 

Дооронбек Садырбаев ошол айылда 7-класска чейин окуган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1-орто мектебине кирип, 1957-жылы орто мектепти аяктаган. Ал бала чагынан эле ырдап, комуш чертчи, ырдачу жана ыр жазчу экен. Барган жери дайыма шаңга бөлөнүп турган.


КИНО

Ал 4-курска чейин медициналык билим алган. Чыгармачылыкка кызыгуусу артып, жан дүйнөсү ошол жакка ыктап баштагандан кийин медициналык окуу жайды таштап, Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. Дооронбек Садырбаев 70тен ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы”, “Акбаранын көз жашы”, көп талашты жараткан документалдуу "Кайран эл" тасмасын тарткан. 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн. Аны жанында жүргөн замандаштары Доке менен чогуу иштешүү майрамдагыдай көңүлдүү, кызыктуу болчу деп эскерип калышат. 

Кыргыз адабияты менен көөнө өнөрүндө да өзүнүн ордун таап, кыргыз маданиятынын казынасын эмгектери менен байытууга салымын кошкон. 


СҮЙҮҮ

Өмүрлүк жолдошу Сонунбүбү Көлбаева менен сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп баш кошкон. Жубайы “Доорошум менен бай жашаган жокмун, бирок бактылуу жашадым. “Артист бала экен бир күнү таштап кетет сени” деп айтышса дагы мейли бир күн жашасам да макулмун деп ушундай сүйүп жашадым Доорошумду” деп эскергени бар. Жолугушууга чакырганда элеп-желеп болуп жүгүрүп чыгып тосуп алчу экен. Дооронбек Садырбаев өмүрлүк жолдошуна “экөөбүз бирге жашайбыз, өлгөндө жанаша жатабыз” деп айтчу экен. Мына ушундан улам Сонунбүбү Көлбаева Дооронбек Садырбаев каза болуп, жерге берилип атканда жанынан жай алып койгон тура.

Ал экөө 13 жыл балалуу болбой жүрүп, бир кыз, бир уулдуу болушкан. 


САЯСАТТА

 Ал эми саясатта аны бетке чабар, сөздүн жакшы маанисинде кежир жана бетке айткан инсан катары сыпаттап келишет. Ал чындыкты ар дайым жашырбай бетке айтып, өзүнүн өмүрүнө коркунуч жаралган күндө да кооптончу эмес. Дооронбек Садырбаев 1995-жылдан тартып көзү өткөнчө Жогорку Кеңештин депутаты (1995-2008) болгон. Ал башка эл өкүлдөрүнөн калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланганы маалым.

Кыргызстандын абалын көрүп зээни кейип, өз эл-жеринин, өлкөнүн саясий абалын оңдоого бел байлайт. 1995-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коет да, дароо өтүп кетет. Парламентке ал оппозициядагы депутат катары келди. Ошентип саясатта да ордун таап, элдин колдоосу менен үч жолу депутат болууга жетишти. Парламентте да адаттагы калыстыгынан жазбай, ар дайым болгонун болгондой сүйлөп, бетке айтып айрым кесиптештерине жакпай калган учурлары көп болгон.

Анын көрөгөчтүгү, алдын ала сезе билгичтиги көп адамдарды таң калтырган. Бүгүнкү кыргыз саясатына Дооронбек Садырбаевдин кеп-кеңеши, тажрыйбасы, билими жетишпей жаткандай сезилет. Көзү тирүү болуп, дагы жашай турганда балким дагы далай калыстык айтылмак. 


Садырбаев чоң саясатка кетиши менен пландалган, жакшы тасмалар тартылбай калыптыр. Искусство өкүлдөрү ага барып, сүйлөшүп, бирок, анысы майнапсыз болгон экен. 


МҮНӨЗҮ

“Ал аябай боорукер эле, бизди бир да жолу кагып-силкип урушкан жок. Ар дайым өзүнүн калыс көз карашы менен айрымаланып турчу. Алсыздарга жан тартып, күчтүүлөрдүн терс аракеттерин ашкерелеп бетке айтчу. Жада калса жеңем небересин уруша калса, ага болушуп "бул кичинекей, алсыз го, ошону үчүн сен урушуп жатасың да" деп калаар эле. Ар дайым адилеттүүлүктү издечү.

Бирок биздин кандайдыр бир аракеттерибиз жакпай калса, муңайып, кабатырланып, өзүнүн бир эле көз карашы менен оюн билдирип койчу. Мындай учурларда биз сестенип, катабызды оңдогонго шашылчубуз. Дагы бир өзгөчөлүгү — жакын адамдарын атынан айтчу эмес. Баарынын ысымдарын эркелетип, кыскартып алган. Мисалы мени Гүласал деп айтканы эсимде жок, ар дайым Асал деп чакырчу. Өзүнүн тууганчылдыгы менен да айрымаланаар эле”, - деп эскергени бар карындашы Гүласал Садырбаева.



ӨЛҮМҮ

Садырбаев 2005-жылы ууланып, катуу ооруган. Ошол учурда жакындары уулануусун изилдеп, кимдин колунан келиши мүмкүндүгүн аныктоо максатында прокуратурага берели дешсе, “жок, негизгиси өлбөй тирүү калдым. Мага уу берген адамдардын көзүн тазалап коюшту да” деп болбой койгон. Ал ууланбаганда балким мындан узак жашап, дагы далай тасма тартылып, чыгармалар жазылмак. 

Айрым маалыматтарга караганда, Каркыраны коңшуларга өткөрүп жатканда ал кесиптештери менен Ысык-Көлгө барат. Депутаттарды жергиликтүү эл жумуртка менен кубалагандан кийин аябай нааразы болуп келип, көпкө кейип жүргөн. Ошондон кийин эле маанайы чөгүп өзү менен өзү болуп жүргөн. Аны үстүнө ууландыруу аракети аны ого бетер түйшөлткөн. Бирок мунун баарын ошол учурдагы бийликтин кылганын өзү башында эле түшүнгөн. 



КЕП КАЗЫНАСЫНАН

Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгер, даанышман көрөгөч болгон.

Урпактар ата салтын чанат окшойт,

Уул-кыз уйга жүгөн салат окшойт.

Селкилер сезим төшөп көчө-көйдө,

Серектеп көзүн сатып калат окшойт.

Көптөрдүн көзүнөн жаш тамат окшойт,

Көңүлдөр көчкөн журттай калат окшойт.

Эркектик касиети аз, акчасы көп,

Эсирген эки катын алат окшойт.

***

Ар жерге айылчылап барган кыргыз,

Ар кимден карыз-коола алган кыргыз.

Балтыр эт, байлана элек ымыркайын,

Бага албай башы айланып калган кыргыз.

"Бийлик" деп бир тууганын аткан кыргыз,

"Мансап" деп максатташын саткан кыргыз.

Жардынын чокой боосун бөлүшө албай,

Жагжаңдап жакалашып жаткан кыргыз. ("Үзүр суроо" ыры, 1992-жыл)

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Таа
Мурдуна бок суйкосо да унчукпаган кыргыз,туура айткан.Еми чимкириктерге калды ел
Сончик
Тируу болгондо канчалаган жепжутарларды жок кылмак,жакшы адамдар аз жашашат экенда