Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

"Фармкомпаниялар Кыргызстанда дары-дармектин жетишсиздиги пайда болорун айтышууда"

02.03.2022 13:17
732
"Фармкомпаниялар Кыргызстанда дары-дармектин жетишсиздиги пайда болорун айтышууда"

Кыргызстандагы фармацевтикалык компаниялар Украинадагы кырдаалга байланыштуу кабатырланууда. Бул тууралуу Кыргыз фармацевтикалык компаниялардын башчысы Эрнис Асанов билдирди.


Анын айтымында, Кыргызстанга дары-дармектердин 60 пайызы Россия менен Украинадан импорттолгон.


"Бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүнөн дары-дармектерди импорттойт. Акыркы окуялардан улам Кыргызстанда дарылардын жетишсиздиги пайда болушу мүмкүн деген кабатырлануу пайда болду.

Анткени мурда Европа өлкөлөрүнөн чыгарылган дарылар Россия аркылуу келген. Азыркы учурда учактардын учуусуна тыюу салынгандык Россия Федерациясы да дары-дармектерди көзөмөлдөп, экспорттоого тыюу салып коюушу мүмкүн",- деди Асанов.


Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз кезегинде аталган жагдайларды эске алып, дары-дармектерди камсыз кылуу максатында атайын комиссия түзүүнү тапшырды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн