Бугу 03, 2024
Убакыт: 08:09
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

"Феминисттер башкалардын укуктарын да сыйлашы керек"

09.03.2020 16:55
2136
"Феминисттер башкалардын укуктарын да сыйлашы керек"


Өз укукугунда талап кылып жатканда башкалардын укугун бузган жокмунбу деп да ойлонуу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов "Медиа центр" мультимедиялык маалыматтык-агентигине берген маегинде билдирди. Анын пикиринде коомдо болуп жаткан бирин-экин окуяны бардык аял басмырланды деп айтууга болбойт.


"Аялдар чыгыптыр, аларды басмырлоону токтотууну талап кылышты. Кыргыздай кызын сыйлаган эл жок. Кыргыз энени, кызын сыйлаган. Баарыбызда кыз бар, эне бар. Коомдо болуп жаткан бирин-экин окуяны бардык аял басмырланды деп айтып чыгуу туура эмес. Интернет баракчаларынан көрдүк, ар кандай чакырыктар менен чыгыптыр. Аларды ким мажбурлап жатат белгисиз? Элге да, коомчулукка да туура келбеген нерсе болуп жатат. Ал жерге чыккан адамдардын пикирин сыйлайбыз. Бирок ошону менен бирге жөн жашап аткан тургундардын, коноктордун укугун да сыйлоо керек", - деди Нурбек Тотонов.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн