Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:06
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

"Головнойду" оңдоодо мамлекеттик кызматкерлер мамлекетке 3 млн сом зыян келтирген

13.08.2021 11:09
865
"Головнойду" оңдоодо мамлекеттик кызматкерлер мамлекетке 3 млн сом зыян келтирген

"Головнойду" оңдоодо мамлекеттик кызматкерлер мамлекетке 3 млн сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Баткен облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, Баткен облустук суу-чарба башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери мамлекетке 3 млн сомго жакын зыян келтиришкендиги аныкталды.


Алсак, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүргүч жайын оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн жарыяланган тендер боюнча, аталган башкармалыктын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучуларга мыйзамсыз түрдө 1 657 851 сом которушкан. Алар мамлекеттик сатып алуулардын талаптарын бузуп, өз кезегинде аталган объекттин оңдоп-түзөө иштерин аткарышкан эмес. 


Ошондой эле, Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай насостук станцияларын куруу боюнча тендерди өткөрүүдө, жогорудагы жооптуу кызматкерлер мамлекеттик сатып алуулардын талабына каршы келгендигине карабастан, тендерде көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эң жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышкан. Анын кесепетинен мамлекеттен кеткен ашыкча чыгым 602 503 сомду түзгөн. 


Мындан сырткары, аталган башкармалыктын кызматкерлери 651 396 сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз чыгыштап, ал каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан. 


Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам, мамлекетке жалпы 2 916 880 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык аблынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн