Бугу 13, 2025
Убакыт: 10:00
USD
87.30
87.80
EUR
96.80
97.80
RUB
1.055
1.100

"Ихсан" кооперативинин жетекчиси сентябрга чейин камакка алынды

14.07.2022 12:53
437
"Ихсан" кооперативинин жетекчиси сентябрга чейин камакка алынды


ИИМдин Тергөө кызматы “Ихсан групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына карата “Алдамчылык” жана “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ээлеп алуу” беренелери боюнча кылмыш иштерин тергеп жатат. Аталган ишкананын жетекчиси Б.А.Т кармалып, соттун чечими менен СИЗОго киргизилген. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.


Белгиленгендей, Б.А.Т 11-июль күнү ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


13-июлда ага ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу боюнча айып тагылган. Мындан тышкары, бир өндүрүшкө бириктирилген башка дагы кылмыш иштери бар.


Жарандарга келтирилген жалпы материалдык чыгым 114 миллион 615 миң 793 сомду түздү.


Кечээ Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басарынын өтүнүчүн канааттандырып, Б.А.Т.нын камалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты. Тергөө учурунда, башкача айтканда 2022-жылдын 8-сентябрына чейин Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алынган.


Эске салсак, «Ихсан Групп ЛТД» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнөн жабыр тарткандар Бишкек ш., Фрунзе көч., 469, ошондой эле телефондор боюнча: 0312 26 64 05, 0709 11 45 74, 102 кайрылса болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн