Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймактарында "Империя Пиццы" кафесинин тамактарына уулангандардын саны 253кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Азыркы учурда 60 адамга стационардык жардам көрсөтүлүүдө.
Алар:
- темир жол ооруканасында - 19;
- Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында - 18 адам;
- Улуттук госпиталда - 23 адам.
Ууланган адамдардын абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда. Калган жарандар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн