USATVKG YouTube каналы бул жолку чыгарылышында “Шоро” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири – Жумадыл Эгембердиев менен маек тартуулайт. 1992-жылдын май айында «Максым» суусундугу биринчи жолу Кыргызстандын базарында пайда болгон. «Шоро» компаниясынын негиздөөчүлөрү бир туугандар Таабылды менен Жумадыл Эгембердиевдер 80 литр суусундуктун алгачкысын текчелерге алып келип, эки саатта сатылып кеткен. Бир туугандар эч кандай жай, акча жана өнөктөштөрү жок жеке бизнесин башташкан. Бүгүнкү күндө «Шоро» компаниясы ата мекендик ири жана ийгиликтүү ишканалардын бири.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн