Бугу 15, 2024
Убакыт: 15:25
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

"Ынтымак" партиясы шайлоодон четтетилеби?

16.03.2021 09:33
1539
"Ынтымак" партиясы шайлоодон четтетилеби?

Бишкек шаардык кеңешине катышып жаткан "Ынтымак" партиясы шайлоодон четтетилиши керек. Бул тууралуу Factchek.kg порталы билдирди. 


Портал аталган партиянын тизмесинен олуттуу каталарды таап, БШК "Ынтымак" партиясын шайлоодон четтетиши керек деп эсептейт.  Анткени партиянын тизмесиндеги 7 адамдын аты-жөнү кайра-кайра кайталанып калган.


"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын, 49-беренеси, 3-пункту.

Кайталанган кандидаттарды алып сала турган болсок, партия тизмегинде болгону 64 кандидат калат. 

Мындан улам, БШК партияны каттоодон баш тартышы керек эле. 

8. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялар тарабынан анык эмес маалыматтарды берүү фактысын белгилөө, аныктоо шайлоо процессинин бардык стадиясында каттоону жокко чыгарууга алып келет.

Талапкерлердин тизмесин каттоодо төмөнкүлөр баш тартуунун негиздери боло алат:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо.

Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык,  “Ынтымак”  саясий партиясын Жогорку Кеңештин  VI чакырылышынын депутаты Марлен Маматалиев жетектейт. Ал 2020-жылкы парламенттик шайлоого  “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамында аттанган.  “Ынтымак” партиясын 10 адам негиздеген. 

Жыйынтык: “Ынтымак” саясий партиясынын тизмегинде  7 кандидат тууралуу маалымат кайталанган. Бул мыйзамга каршы келгендиктен, БШК партияны каттоодон баш тартуусу керек" ,- деп жазылат маалыматта. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн