Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

"Ынтымактан" бара жаткан Балбак Түлөбаев шайлоонун жыйынтыгы тууралуу пикирин билдирди

29.11.2021 13:09
1618
"Ынтымактан" бара жаткан Балбак Түлөбаев шайлоонун жыйынтыгы тууралуу пикирин билдирди

"Ынтымак" саясий партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган Бишкек шаарынын мурдагы мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шайлоонун жыйынтыгы тууралуу пикирин билдирди.


Ал шайлоочуларды расмий жыйынтык чыкканга чейин сабырдуу болууга чакырган.


"Баарыңыздарга рахмат! Сабырдуулук менен Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыгын күтөлү. Кол менен да санап бүтсүн. Мага берилген ар бир жарандын добушун аягына чейин коргойм. Ал мага аманат. Эл мүдөөсүн аткарды. Элдин чечимине баш ийебиз. Тажрыйбалуу, аксакал саясатчы, партияларга кайрылуум - сабырдуулук менен жыйынтыкты күткүлө. Эртең да күн бар. Өлкө үчүн, эл үчүн ызаабызды да, эгобузду да басуубуз керек. Элдин добушун сиздер эле эмес, биз да коргойбуз. Сарсанаа болбоңуздар. Күнү, түнү иштедик. Ким кайсы жерде, кандай иштегенин көрдүк. Жаңы жүздөр, жаңы пикирлер пайда болду. Мурда мен ушул жерден добуш алам дегендер эмнеге ала албай калганын да билебиз. Доор өзгөрдү. Коом да. Эл өзү каалаганын шайлады",- деди Балбак Түлөбаев.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Батиймакан. Медетова
Негизинен шайлоо мумкун болушунча таза оттуАр бир шайлоочу озун каалаган талапкерине добуш берди.Насип буйрубаса канча деген жаш жигиттер добушка ээ боло албай калышты.Эч убакта капа болбогула.Кудай омур берсе эмдиги шайлоого катышууга кудай насип кылсын.