Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 23:08
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

"Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмунун идеологиясын активдүү үгүттөгөн жашыруун радикалдык топ кармалды

14.06.2024 13:23
264
"Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмунун идеологиясын активдүү үгүттөгөн жашыруун радикалдык топ кармалды


"Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмунун идеологиясын активдүү үгүттөгөн жашыруун радикалдык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан "Ислам мамлекети" Эл аралык террордук уюмунун идеологиясын жигердүү пропагандалап, жаштар арасында террористтик мүнөздөгү фото жана видеоматериалдарды жайылтуу менен алектенген көмүскө радикалдык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында жалпысынан 15 адам кармалды. Алардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, көп сандагы диний адабияттар алынып, алар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Топтун лидерлеринин бирин Афганистандан келген "Ислам мамлекети" Эл аралык террордук уюмунун мүчөсү социалдык тармактан алыстан жалдап, анын көрсөтмөсүн аткарып, башка тарапкерлерин тартууга аракет кылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, таркатылып жаткан фото жана видеоматериалдарда "Халифат" "террористтик аракеттерге ачык чакыруу", "улуттук, расалык, этностук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуу" жана "конституциялык түзүлүштү бузуу менен конституциялык түзүлүштү кулатуу" белгилери камтылган. Мындан тышкары, ок атуучу куралдарды колдонуу жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча окуу роликтери таратылгандыгы аныкталды.

Кармалган 4 адам Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилип, бул топтун башка мүчөлөрүн жана шериктерин аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иш-чаралары улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн