Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 10:48
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

"Итим айрым адамдарга караганда акылдуу": Кинолог Анарбектин баяны (сүрөт)

01.07.2020 16:15
1542
"Итим айрым адамдарга караганда акылдуу": Кинолог Анарбектин баяны (сүрөт)


Замирбек уулу Анарбек 6 жылдан бери республикалык Өзүнчө куткаруу отрядынын мобилдик куткаруу отрядында кинология тобунун кинологу болуп эмгектенет. 1-июль – Куткаруу кызматкерлеринин күнүнө карата кинолог Замирбек уулу Анарбек иш тажрыйбасындагы кызыктуу окуялары менен бөлүшүп, эң ишеничтүү, достукка бек, асыл тукумдуу иттердин тилин кантип табуу керек жана алардын ишеничине кантип кирүү керектиги тууралуу айтып берди. 


Анын айтымында, ал 1995-жылы туулган. 5 бир туугандын улуусу. Билими жогорку. 


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жөнөкөй куткаруучу болуп эмгектенип, ит менен иштөөгө аябай кызыгып калдым. Кинолог болуш үчүн жөнөкөй иттерден айырмаланган өзгөчө иттер менен иштөө тууралуу алгач, атайын окуулардан өттүм. Ар дайым курстарга барып турабыз. Итти тарбиялоодо жаш баланы тарбиялаган сыяктуу эле өтө кылдаттык мамиле талап кылынат. Аябай тентек, сөздү укпаган, оюнкарак болушат. Мүмкүн болушунча сабырдуу болуубуз зарыл.


Буга чейин Линда аттуу ит менен иштеп калдым. Линданын акылы айрым адамдардыкына караганда алда канча көбүрөөк сезилчү. Кырсык катталган учурда адамдарды табууга Линданын салымы зор болгон. Алардын бири 2015-жылы Алай районунда тоолордун арасында кар көчкүдөн жоголгон туристти издөө иштерине Линда дагы тартылып, чоң жардамы тийип, куткаруучулардын ишин жеңилдеткен. Азыр Линда карып, пенсияга кеткендигине байланыштуу башка адамдын колунда", - дейт Замирбек уулу Анарбек. 


Анын айтымында, учурда ал немис овчаркасын тарбиялап жатат. 


"Учурда мен тарбиялап жаткан немис овчаркасы, каймана аты Каскад, 2,5 жашта. Жөнөкөй иттерден айырмасы өтө сезимтал, акылдуу, көңүлү назик, адамдардын маанайын көзүнөн карап, билип турат. Үйдө кандай көйгөй болбосун жумушка күлүп-жайнап киришишим абзел. Маанайым жакшы эмес экенин билип калса таарынып, укпай, нары карап жатып алат. Каскад жаш болсо дагы кырсык болгон жерде жоголгон адамдарды издөө иштерине катышып келет. Алардын бири ушул жылдын 14-апрель күнү Ош шаарынын Төлөйкөн айылында жоголгон 24 жаштагы баланы табууга көмөктөшүп, жардамы чоң болгон.


Машыгууну аба ырайы кандай экендигине карабастан өткөрө беребиз. Себеби кырсык ар кандай учурда, ар кандай шартта болуп калышы толук мүмкүн. Адам баса албаган, бара албаган жерлерге үйрөтүлгөн ит барат. Ошондуктан кызматтык ит дайым даяр болушу шарт", - дейт кинолог. 


Ошондой эле ал итти тарбиялоонун жолдоруна токтолду. 


"Күнүмдүк азыгы кадимки биз жеген тамактар сыяктуу эле тузун салып, бышырып, чени менен беребиз. Мен өзүмдүн ата-энеме, жакын адамдарыма дагы мынчалык көп жакшы сөз айтпайт экенмин, Каскадка күнүгө, саат сайын, керек болсо мүнөт сайын эркелетип, “Азаматсың” деп турам. Антпесем укпай коёт. Элибизде “Ит адамдын досу” деп бекеринен айтылбаптыр. Достукка ушунчалык бекем болушат. Кандай кырдаал болбосун ээсин таштап кетпейт. Мен өзүмдүн бул жумушум менен сыймыктанам.


Учурдан пайдаланып кесиптештеримдин 1-июль – Куткаруу кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, аларга үй-бүлөлүк бакыт, иштерине ийгиликтерди каалаймын. Эли-жерибизде тынчтык орноп, айттырбай келген кырсыктан алыс бололу" – деди Анарбек Замирбек уулу.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн