Бугу 15, 2024
Убакыт: 23:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

"ККМ аркылуу жөнөкөй соодагерлерден эмес, байлардан салык алалы деп жатабыз",- Жапаров

15.02.2022 11:45
883
"ККМ аркылуу жөнөкөй соодагерлерден эмес, байлардан салык алалы деп жатабыз",- Жапаров

Кассалык көзөмөл аппараттары аркылуу биз байлардан салык чогулталы деп жатабыз. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйынында билдирди.


"Мен дайыма эл тарапта болуп келгенмин. Мындан кийин да ошол бойдон калам.

Ал эми ККМ аппараттарга башка мамлекеттер эчак эле өткөн. Биз дагы мурда өтүшүбүз керек. Муну менен биз карапайым соодагерлерди эмес, ири ишкерлерден салык чогултууну көздөп жатабыз. Алар канчалаган миллиондогон товарларды 3 миң сомдук патент менен кутулгусу келип жатат",- деди Акылбек Жапаров.


Ал ККМ аркылуу көмүскө экономиканы ачыкка чыгарын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн