Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:31
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

"КР жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыкка өзгөртүү киргизилди

06.08.2024 14:24
424
"КР жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" жарлыкка өзгөртүү киргизилди


Президент Садыр Жапаров "КР президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 “Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобону жана президентке караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койду.

“Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” КР мыйзамынын 28-статьясынын 3-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 7-бөлүгүнө, 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 “Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобону жана президентке караштуу жарандык маселелери боюнча Комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда аталган жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобо ушул жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн