Бугу 01, 2024
Убакыт: 19:42
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

"КТРК Спорт" телеканалы А.Крестининди атайын көрсөтпөй койду деген маалыматты төгүндөдү

16.06.2022 09:45
305
"КТРК Спорт" телеканалы А.Крестининди атайын көрсөтпөй койду деген маалыматты төгүндөдү



Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу 

А. Крестининди " КТРК СПОРТ телеканалы түз эфирде атайын көрсөтпөй койду" деген пикирлер чындыкка дал келбейт.  Бул тууралуу телеканалдын маалымат кызматы билдирди.



Маалыматка караганда,  телеканал режиссёрдун социалдык тармактагы жазган сөздөрү боюнча иликтөө жүргүзөт.


"Телеканал кыргыз спортун колдоп, коомчулукка түз алып көрсөтүүлөрдү үзгүлтүксүз уюштуруп келе жатканы маалым. Өлкөбүздө орун алган эл аралык спорттук беттештерди чагылдырууда УТРК мындан ары дагы өз милдеттерин татыктуу аткара бермекчи.


Ал эми режиссёрдун өздүк баракчасы аркылуу жазылган комментарий бүтүндөй Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын көз карашын билдирбейт.


 Корпорация жетекчилиги режиссёрдун жоопкерчилиги боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт. Анын жыйынтыгы менен кызматкерге карата мыйзам чегинде административдик чара колдонуларын билдиребиз.

Улуттук телерадиоберүү корпорациясы, А.Крестинин тарабынан футболго кошуп жаткан чоң салымын сыйлайбыз жана колдоого алабыз",- деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн