Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 20:29
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

"Камбар-Ата-1" ГЭСинин "жол картасын" жүзөгө ашыруу маселеси талкууланды

16.03.2023 13:06
157
"Камбар-Ата-1" ГЭСинин "жол картасын" жүзөгө ашыруу маселеси талкууланды


Кечээ, 15-мартта "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоору боюнча Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин үч тараптуу кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР Энергетика министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев, Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов, Казакстандын энергетика министринин орун басары Жандос Нурмаганбетов, Өзбекстандын суу чарба министри Шавкат Хамраев жана тараптардын ведомстволук уюмдарынын жооптуу жетекчилери жана кызматкерлери катышты.


Жолугушуунун алкагында долбоорду ишке ашыруу боюнча "жол картасын" жүзөгө ашыруу маселеси талкууланып, кызматташтыктын негизги принциптери боюнча документтин долбоору каралды.


Соңунда долбоорду ишке ашырууга даярдоонун негизги этаптары жана кийинки жолугушууну ушул жылдын март айынын аягына чейин өткөрүү макулдашылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн