Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

"Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушу 2025-жылы башталышы күтүлүүдө

23.05.2023 09:10
248
"Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушу 2025-жылы башталышы күтүлүүдө

«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу үчүн даярдык иштери жүргүзүлүп жатканы айтылды. Учурда ГЭСке чейинки жолдор, тоннел курулууда. Мындан башка электр линиясын тартууга, көмөкчордонду жана курулуш шаарчысын жайгаштырууга жайлар даярдалууда. Көпүрө куруу боюнча долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Белгилей кетсек, республиканын жылдык керектөөсү 17,5 млрд киловатт-саат электр энергиясын түзүп, бул көрсөткүч жылдан-жылга өсүүдө жана дефицит пайда болууда. Ошол себептүү, «Камбар-Ата-1» ГЭСи ишке киргизилсе өлкөдөгү муктаждыкты толук жабууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрү күтүлүүдө.


Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштерин баштоого чейинки даярдык иштери 2024-2025-жылдары аягына чыгат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн