Жалган курандын 04, 2024
Убакыт: 06:55
USD
89.30
89.72
EUR
96.60
97.60
RUB
0.965
0.990

"Кашкулак" лыжа базасында Азия кубогу старт алды

06.02.2024 09:42
537
"Кашкулак" лыжа базасында Азия кубогу старт алды


Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев "Кашкулак" тоо лыжа базасында лыжа спорту боюнча Азия кубогунун башталышына старт берди. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган спорттук иш-чара КР Тоо лыжа спорт федерациясы тарабынан уюштурулуп, ага Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын спортчулары катышууда.

Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө облуста туризмди өнүктүрүү максатында алгылыктуу иштер жасалып жаткандыгын белгиледи.

"Учурда 15 тоо лыжа базасы иштеп жатат. Биз керектүү инфраструктураны түзүү максатында инвесторлорду тартуу иштерин активдүү жүргүзүүдөбүз. Бул аймактын спорттук потенциалына гана эмес, анын туристтик жагымдуулугуна да өбөлгө түзөт", - деди Жумагазиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн