Бугу 11, 2024
Убакыт: 21:51
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

"Кайра эле байлар, олигархтардын жарышы. Бул мыйзам төртүнчү революцияга алып келет",- Момбеков

15.07.2021 11:39
1116
"Кайра эле байлар, олигархтардын жарышы. Бул мыйзам төртүнчү революцияга алып келет",- Момбеков


Бул мыйзам төртүнчү революцияга алып келет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин жыйынында "Президентти жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун талкуулап жаткан учурда билдирди.

Момбеков элдин өзүнүн талакерин тандоо укугунан ажыратпоого чакырды. Эл партияны эмес, талапкерди тандашы керектигин айтты.

"Бул мыйзам иштебейт. Былтыр парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы болуп чыккан жаштар бул мыйзам менен шайланып келе алышпайт. Силер документти татаалдаштырып, кайра алып келдиңер. Муну менен парламентке банкирлер, базаркомдор, бандиттер, олигархтар келет, башкалар келе алышпайт. Былтыр шайлоонун жыйынтыгын эл нааразылыкка чыккандан кийин гана жокко чыгардыңар. Эми бул мыйзамды ошол нааразылыктар эске алынуу менен иштелип чыкты деп жатасыңар, эске алынса, ошол шайлоонун кесепети эске алынышы керек болчу. Канча бала көзү сокур болуп калды, майып болуп калды. Шайлоого күндөн-күнгө эл ишенбей калды, президеттик шайлоого катышкандардын саны 40 пайызга жетпей калды, референдумга катышуу 30 пайыздан ашпай калды. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышуу 25ке жетпей калды. Шайлоочулардын санынын 20 пайызы бул Кыргызстандын калкынын 10 пайызы. Бул мыйзам төртүнчү төңкөрүшкө алып келет. Себеби бул мыйзам менен врачтар, мугалимдер, же башка жөнөкөй жарандар депутат болуп шайланып келе албайт, жалаң байлар келет. Бул шайлоо эмес, бул бизнесмендер үчүн жарыш",- деди эл өкүлү.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн