Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылына дарыгерлер жетишпейт. Бул тууралуу жарандык активист Эрик Абдыкалыков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, айылда бир гана дарыгер иштейт.
"Асангожоева Зайракан, 61 жашта. Ал Сары-Ой айылындагы жалгыз дарыгер, 1390 адамга кызмат кылат. Стационарда саат 08:00дөн баштап кечки саат 20:00гө чейин бейтаптарды кабыл алат. Күнүнө ага 40ка жакын адам кайрылат. Дарыгердин 40 жылдык тажрыйбасы бар. Айлык маянасы 7500 сом", - деп жазган ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн