Бештин айы 05, 2024
Убакыт: 08:03
USD
86.65
87.15
EUR
90.80
91.80
RUB
0.820
0.860

"Кыргыз Экспорт" Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен кызматташат

04.12.2024 16:33
34
"Кыргыз Экспорт" Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен кызматташат


"Кыргыз Экспорт" борбору менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюму кызматташтык тууралуу меморандумга кол койду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишим ишкерлердин эл аралык рынокко чыгуу жолун жеңилдетип, экспорттук ишмердүүлүктү камсыздандыруу аркылуу колдоого багытталган.

Документтин негизги максаты – ишкерлерди күтүүсүз тобокелдиктерден коргоо жана тышкы соодадагы ишенимдүүлүгүн арттыруу. Камсыздандыруу механизмдери ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, алардын экспорттук операцияларын коопсуз жана натыйжалуу кылууга жардам берет.

Меморандумдун алкагында тараптар биргелешип демилгелерди ишке ашырып, кыргызстандык экспортчуларды ар тараптуу колдоого басым жасашат. Бул өз кезегинде Кыргызстандын продукциясынын дүйнөлүк рыноктогу ордун бекемдөөгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга шарт түзөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн