Бугу 03, 2024
Убакыт: 09:26
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

"Кыргыз кыздары да дүйнөнү өзгөртө алат": Facebook компаниясына ишке өткөн Чолпондун маеги (видео)

18.09.2020 18:08
2237
"Кыргыз кыздары да дүйнөнү өзгөртө алат": Facebook компаниясына ишке өткөн Чолпондун маеги (видео)


Лондондо Facebook компаниясында иштөө сунушун алган Чолпон Абдыжапарова Ысык-Көл облусунун Саруу айылында чоңойгон. Бул тууралуу ал Google компаниясында 11 жыл иштеген кыргызстандык Тилек Мамутов менен болгон маегинде билдирди.


Тилек Мамутовдун маалыматына караганда, Чолпон Абдыжапарова Facebook компаниясында иштей турган кыргызстандык жалгыз кыз болуп калды. 


Чолпон Абдыжапарова бала чагы, ата-энеси, окуган мектеби жана жогорку жайларга тапшырганы, чет элдик окуу жайларда билим алганы тууралуу айтып берип, анын програмист болуп иштөөсүнө эмне себеп болгондугун жана ага эмне мативация берери тууралуу дагы кеңири айтып берген.  Ошондой эле, ал Кыргызстанда кыздарга болгон мамиле өзгөрсө деген ойду айтып, аларга үлгү болгусу келерин белгиледи. 


"Бизде Кыргызстанда кыздардын амбициясын, максатын дайыма төмөндөтө беришет, "эң негизгиси кыздар турмушка чыгыш керек, кыздарга сөзсүз эле карьера жасаш керек эмес" деген ойду таңуулашат. А эмне үчүн кыздар дүйнөнү, айланасын, өзүнүн жашоосун өзгөртпөшү керек? Мен дагы бир аз болсо дагы кыздарга үлгү болгум келди. Бул ой мага дем күч берет. Ошондуктан кыздар жана аялдар үчүн көптөгөн долбоорлорду уюштуруп келгем.  Биздин кыздар чоң максаттарды коюп, көп ийгиликтерге детишсе дейм", - деди ал. 






Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Раиса
Азаматсын Чолпон !!!Кыргыздын атын таанытып журо Бер. Иштеринде дайым ийгиликтер болсун. ????????????????