Коррупциялык схемаларга тиешеси бар деп УКМК тарабынан кармалган "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Канатбек Ашырбаев эки айга камалды. Мындай чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынган.
Ашырбаев менен бирге "Кара-Кече" көмүр кенинин эсепчиси да кармалган.
Канатбек Ашырбаев 3 октябрга чейин тергөө абагында болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн