Баш оона 14, 2025
Убакыт: 13:11
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.090
1.125

"Кыргыз почтасы" пенсияны жеткирүү үчүн 2 пайыз комиссия ала баштайбы?

14.08.2025 11:13
14
"Кыргыз почтасы" пенсияны жеткирүү үчүн 2 пайыз комиссия ала баштайбы?


"Кыргыз почтасы" ААК пенсияны жеткирүү үчүн 2 пайыз комиссия алганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.


"Акыркы күндөрү айрым маалымат каражаттарында "Кыргыз почтасы" пенсия алуучулардан жеткирүү үчүн 2 пайыз комиссия алат" деген маалыматтар жарыяланууда. Бул маалымат чындыкка туура келбейт", - деп айтылат компаниянын маалыматында.


"Кыргыз почтасы" ААК пенсия жеткирүү кызматын көп жылдан бери аткарып келет. Келишимдин негизинде, биздин кызматкерлер пенсияларды пунктуалдуу жана акысыз түрдө пенсионерлердин үйлөрүнө жеткиришет.


"Бул кызмат үчүн пенсия алуучулардан эч кандай акы алынган эмес жана алынбайт дагы. Тиешелүү төлөмдү Социалдык фонд өзү жүргүзөт", - деп белгилешти "Кыргыз почтасынан".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн