Бугу 16, 2024
Убакыт: 15:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

"Кыргыз-тажик чек арасында маселе толук чечилди деп айтууга эрте",- Казакбаев

24.08.2021 17:39
764
"Кыргыз-тажик чек арасында маселе толук чечилди деп айтууга эрте",- Казакбаев

Кыргыз-тажик чек арасында маселе толук чечилди деп айтууга эрте. Мындай пикирин Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирген.


Анын айтымында, чек ара мамилесин чечүү үчүн керектүү иштер жүрүп жатат.


"Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасындагы сызыкты аныктоо үчүн күч-аракет жумшалып жатканына карабастан, конфликт түп тамыры менен жоюлду деп айтууга али эрте. Эгер тараптар аймактык дооматтан баш тартып, эки жакты тең ыраазы кыла турган компромисттик башка жолдорду издесе жылыш болмок.

Эгер кайсы бир себептерден улам биздин өлкөлөр маселени чече албай кала турган болсо, сүйлөшүүгө Россия же башка бир тууган жана өнөктөш мамлекеттерди тартышыбыз мүмкүн",- деп билдирген Казакбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн