Бугу 12, 2024
Убакыт: 03:05
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

"Кыргыз темир жолдун" башкы директору темир жол бекеттеринде текшерүүлөрдү жүргүздү

24.09.2021 18:09
744
"Кыргыз темир жолдун" башкы директору темир жол бекеттеринде текшерүүлөрдү жүргүздү


“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев жетекчилик кылган комиссия темир жол бекеттеринин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, комиссия ар бир станциянын имараттарынын абалын, кышка карата даярдыктарын, маселен, рельсттин кыйшаюусу, анын чөгүп кетүүсү, рельсттин ортолорундагы аралыктардын бирдей болушу, шпалдардын абалын текшерүүдө.

"Темир жолдогу станциялардын дээрлик баардыгы көмүр отуну менен жылытылат. Андыктан жакын арада ар бир станцияга вагондор менен тиешелүү өлчөмдө көмүр жеткирилип берилет.

Пландуу күз-кышка карата кароонун жыйынтыгында бекеттердин кышка карата даярдыктары жетишээрлик деңгээлде экени белгилүү болду. Ишкананын директору тиешелүү жетекчилерге айрым маселелерди жеринде чечүү тапшырмаларын берди", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн