Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

"Кыргыз темир жолуна" жүк ташуучу вагондордун кезектеги партиясы келди

09.03.2022 14:48
452
"Кыргыз темир жолуна" жүк ташуучу вагондордун кезектеги партиясы келди

Бүгүн, 9-март күнү Кыргызстанга 30 даана жүк ташуучу жарым вагондор жана 1 км жаңы Р65 тибиндеги рельстер келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.


Маалым болгондой, өткөн жылы ишкана өз каражаттарынын эсебинен 100 даана жарым вагондорду, 20 км жаңы рельстерди сатып алган.


Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 50 даана жарым вагон, 11 км Р65 тибиндеги рельс келген.


Жүк ташуучу жарым вагон атмосфералык жаан-чачындан коргоону талап кылбаган жүктөрдү, мисалы, борпоң, кесек, даана жүктөрдү, курулуш материалдарын, металл конструкцияларын ж.б ташыйт.


Р65 тибиндеги рельстин 1 метринин салмагы 65 кг түзөт, ал P43, P50 типтердеги рельстин түрүнө караганда бышыгырак келет. Рельстердин кезектеги партиялары келген сайын, эски рельстерди жаңысына алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн